Connect with us

Мүлктү, кирешелерди «адалдоо» 9-июнга чейин жүргүзүлөт

Кыска кабар | 14 Фев 2024 | 301 | 0

Мамлекеттик салык кызматы «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзамы ушул жылдын 9-июнуна чейин күчүндө болорун кабарлады. 

Мыйзам 2023-жылдын 1-январына чейин алынган мүлктөрдү, кирешелерди легалдаштырууну карайт. Мында мамлекет мүлктүн сакталышына жана адамды жазыктык куугунтуктан коргоого кепилдик берет. 

Легалдаштырылган активдер үчүн салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдү берүү каралган эмес.

Жарандар ыктыярдуу мыйзамдаштыруу үчүн атайын декларациянын формасын толтуруп, аны мамлекеттик нотариустан (консулдук мекемелерден, чет өлкөдөгү элчиликтерден) күбөлөндүрүшү керек. Андан кийин декларациялоо мөөнөтүнүн ичинде декларантка карата менчик укугун номиналдык ээлеринен кайра каттоо зарыл.

Бул Мыйзамдын максаты физикалык жактардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу, өлкөнүн экономикасынын ички жана тышкы инвестицияларын көбөйтүү, көмүскө экономиканын көлөмүн азайтуу, жалпы декларациялоого даярдоо, ошондой эле активдердин кепилдиктерин жана алардын ээлерин активдерди ыктыярдуу декларациялоо киргизилгенге чейин орун алган мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдардан коргоо болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM