Connect with us

Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурумда чыр чыкты (видео)

Кыска кабар | 14 Фев 2024 | 148 | 0

Бүгүн, 14-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өтүп жаткан Кемпир-Абад иши боюнча отурумда чатак чыкты. Анын видеосун айыпталуучардын бири Илгиз Шаменов «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Маалым болгондой, ооруп калганына байланыштуу Илгиз Шаменовдун жактоочусу да, жабырлануучу катары өтүп жаткан тарап да отурумга келишкен эмес. Судья ага карабай, ишти уланта берүүнү чечкен. Бирок айыпталуучулар аны «мыйзамсыз» деп аташып, кыйкырып чыгышкан.

Дагы бир маалыматта чыр-чатактан кийин ал күнкү жараянга тыныгуу жарыяланганы айтылат.

Кыргыз-өзбек чек ара келишимин ратификациялоо учурунда «Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп кетип жатканына» каршы пикир билдирген 27 адам камакка алынган. Учурда абакта 11 адам отурат. Калгандары ар кандай жагдайларга байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM