Биз менен байланышыңыз

«Ош» базардагы «Акиф» эт саткан жайынын түптөөчүсү менен директору кармалды

Кыска кабар | 14 Фев 2024 | 276 | 0

«Ош» базардын аймагындагы «Акиф» эт саткан жайынын негиздөөчүсү менен директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Эт саткан жайдын ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качууга айыпталып жатканы айтылды.

Маалыматка караганда,  «Акиф Фирма» ЖЧКсы кош бухгалтердик эсеп жүргүзүп, соода орундарын ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар документтештирген эмес. Ошол эле учурда базар жетекчилери күн сайын 100 миң сомдун айланасында ижара акы чогултуп, аны каржылык отчёттордо 90%га жакын азайтып көрсөтүшкөн.

Аны менен катар «Акиф Фирма» ЖЧКсынын жетекчилери алдамчылык жол менен ири өлчөмдөгү мүлктү тартып алганы аныкталган.

Иликтөө иштеринин негизинде бүгүн, 14-февралда «Акиф Фирма» ЖЧКсынын негиздөөчүсү, 1965-жылы туулган Ф.С.Ф. менен башкаруучу директору, 1973-жылы туулган К.Н.А. кармалган.

Минюсттун каттоосунда «Фирма AKIF» ЖЧКсынын директору катары Кудайбергенова Назира Аманжановна, уюштуруучулары катары Бозбаева Кымбат Жүзбаевна, Куватбеков Кален Боромбаевич, Фищенко Сергей Викторович, Майсызов Исмар Мухаммедович көрсөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM