Connect with us

Айдоочулук күбөлүктү интернеттен сатып алгандар жоопко тартылат

Кыска кабар | 14 Фев 2024 | 313 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Айдоочулук күбөлүктү интернеттен сатып алгандар, саткандар мыйзам боюнча жазага тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматта социалдык тармактарда «айдоочулук күбөлүктү тез убакытта, арзан баада жасап беребиз» деген жарнамалар кездешип жатканы, ал кылмыш болуп саналары айтылган.

Жасалма документтер «Унаа» мамлекеттик ишканасынын базасына катталбайт, «Түндүк» тиркемесинен чыкпайт, демек, биринчи текшерүүдө эле билинет. Ошол эле учурда түп нуска документтерде коргоо белгилери болот, аны жасоо мүмкүн эмес.

«Жасалма күбөлүктөр» бланктары даярдалган чыныгы серияга ээ болсо да, натыйжа өзгөрбөйт, эртеби-кечпи жасалма документтер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан аныкталат», — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик жасалма документтерди, мөөрлөрдү, мамлекеттик сыйлыктарды жасагандар, же ага уруксатсыз түзөтүү киргизгендер, саткандар, сатып алгандар Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси менен 2 жылдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратыларын эскертет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM