Биз менен байланышыңыз

Президент өлкөгө шарияттык негизде иштеген каржы институтун ачууга кызыкдар

Кыска кабар | 14 Фев 2024 | 182 | 0

Президент Садыр Жапаров Дубайда Ислам банкынын төрагасы Мухаммад аш-Шайбаний менен жолугушту.

Анда ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, Ислам каржылоо принциптерине негизделген банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан өз ишин шарият ченемдерине ылайык так жүргүзгөн каржылык институт ачууга кызыкдар экенин белгиледи.

Садыр Жапаров бул максаттар үчүн республикада укуктук база бар экенин, мындай каржылык кызматтарга кызыгуу чоң экенин айтты. Ошондой эле Кыргызстандагы Ислам банкинги өзүнүн өнүгүүсүнүн алгачкы баскычында экенин кошумчалады.

Банктын директору Мухаммад аш-Шайбаний Садыр Жапаров белгилеген долбоорлордун маанилүүлүгүн канааттануу менен айтып, кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын изилдөө үчүн Кыргызстанга жумушчу топ жиберүү ниетин билдирди.

Баарлашууда ал туризм тармагында биргелешкен долбоорлорду да ишке ашырууга кызыкдар экенин ачыктады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM