Connect with us

Президент БАЭнин өкмөт башчысын Кыргызстанга чакырды

Кыска кабар | 13 Фев 2024 | 208 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда Дубай шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында БАЭнин премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Мухаммад ибн Рашид ал-Мактум менен жолугушту.

Кездешүүдө Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелери талкууланды.

Мухаммад ибн Рашид ал-Мактум Кыргызстандын мамлекет башчысынын саммитке катышуусун кубаттап, БАЭге сапары жана анын алкагындагы макулдашуулар өлкөлөр ортосундагы достук мамилени мындан ары чыңдоого жаңы дем берерине ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров өз кезегинде Кыргызстан менен БАЭнин ортосунда соода-экономикалык алака активдүү жанданганын, 2013-жылдан бери өтүп келген саммит дүйнө өлкөлөрүнүн практикалык кызыкчылык туудурган маселелерин талкуулоодо натыйжалуу аянтчага айланганын айтты.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Мухаммад ибн Рашид ал-Мактумду Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM