Биз менен байланышыңыз

Президент Дубайда ири инвестициялык компаниянын жетекчисине кездешти

Кыска кабар | 13 Фев 2024 | 116 | 0

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда Дубай шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында Newpath Partners компаниясынын башкаруучу директору Томас Кэхилл менен жолугушту.

Президент Кыргызстанда чет өлкөлүк уюмдар жана инвесторлор менен ар кандай тармактарда тыгыз кызматташууга, алар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, жаңы механизмдерди иштеп чыгууга көңүл бурулуп жатканын айтып өткөн. Андан тышкары энергетикалык секторго инвестиция салууга мыкты мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеген.

Ал эми Томас Кехилл биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин билдирген. Бул боюнча изилдөө жүргүзө турганын маалымдаган.

Newpath Partners — медициналык-биологиялык илимге инвестиция салуу менен алектенген венчурдук фирма. Анын негизги максаты: илимий изилдөөлөрдүн алгачкы этаптарында колдоо көрсөтүү.

2018-жылы Newpath Partners компаниясы Prime Medicine, Chroma Medicine, Kojin Therapeutics, Exo Therapeutics, Kisbee Therapeutics жана Myeloid Therapeutics ишканаларынын портфолиосун куруу боюнча биринчи долбоорун ишке киргизген. Анын негизинде ишканаларга 16 ири инвестиция тартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM