Биз менен байланышыңыз

Иш издегендер үчүн электрондук маалымат база ачылды

Кыска кабар | 13 Фев 2024 | 334 | 1

Ишке орноштуруу кызматы электрондук форматка өткөрүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Жумуш издеген адамдар, бош орундар, иш берүүчүлөр, учурдагы кесиптик окуу курстары боюнча маалыматтарды камтыган электрондук база ишке кирди.

Мындан ары жумуш же жумушчу-кызматкер издегендер zanyatost.kg порталынан маалымат алса болот. Ошондой эле жумуш издөөчү порталдан эле электрондук арыз берип, каттоого тура алат.

Аны менен катар министрлик жумушка орноштуруу боюнча маалыматтарды онлайн режимде алууга мүмкүнчүлүк түзүү максатында «электрондук эмгек биржасы» жана zanyatost.kg мобилдик тиркемеси түзүлгөнүн кабарлады.

1 пикир

1 пикир

  1. Мунаргул

    14.02.2024 15:52

    Аны байлар алып иштейт го карапайымга акчасы аз эчким иштебеген иштерди сунуштайт

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM