Биз менен байланышыңыз

Президент: Кыргызстанды «бизнес-оазиске» айлантууну каалайбыз

Кыска кабар | 13 Фев 2024 | 261 | 0

Президент Садыр Жапаров Дубай шаарында өтүп жаткан X Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде баяндама жасады.

Мамлекет башчы сөзүндө саммитке Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Мухаммад бин Заид ал-Нахайяндын чакыруусу менен келгенин белгилеп, саммиттин он жылдан берки жетишкендиктерине токтолду. Ошондой эле Жакынкы Чыгыш аймагынын тарыхын козгоп, дүйнөлүк билим казынасын байыткан зор цивизилизациялардын ордосу болуп келгенин, ага Разий, Табарий, Бухарий, Фарабий, Хорезмий, Ибн Сина сыяктуу даанышмандар салым кошконун баяндады.

Аны менен катар өзүнүн бийликке келгенге чейинки өлкөнүн абалын сүрөттөдү.

«Биз башка мамлекеттердин улуттук тажрыйбаларынын өрнөгүн алууга бир топ аракет кылдык. Президенттиктен парламенттикке чейинки башкаруунун ар кыл формаларында жашап көрдүк. Эми минтип кайрадан президенттик башкаруу формасына кайттык.

Мен 2020-жылы бийлик башына келгенимде өлкөбүз:

  • деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок, жалпы аймагынын 94% бийик тоолордон турган;
  • үч революцияны, бир катар социалдык толкундоолорду баштан кечирип, андан кийинки коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам терең экономикалык кризис курч турган;
  • эбегейсиз зор энергетикалык потенциалга жана жаратылыш ресурстарына ээ болуп туруп, өнүгүү үчүн алардан толук кандуу пайда ала албай турган», — деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле бийликке келгенден кийинки жетишкендиктерин бир баштан санап, максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй артыкчылыктуу милдеттерди түзгөнүн айтты.

  1. аткаруу бийлигинин бардык тутумун модернизациялоо, өкмөттүн ишин өзгөртүү;
  2. коррупцияга каршы элдешкис күрөш;
  3. жаңы экономикалык саясат;
  4. калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бардык системасын санариптештирүү.

Буларды атап өтүү менен бирге ар биринде көрүлгөн чаралар жана жетишилген натыйжаларга кенен токтолду. Атап айтканда, мамлекеттик чечимдерди кабыл алуунун жана аткаруунун бардык процесси бир жерге топтолгонун, ал өкмөттүн ишин жакшыртканын белгиледи. Ошондой эле коррупция менен күрөшүү, экономиканы көмүскөдөн чыгаруу чаралары көрүлүп жатканын айтты.  Анын натыйжасында салыктык түшүүлөр көбөйгөнүн билдирди.

«Өлкөбүздө улуттук экономика туруктуу темп менен өнүгүү жолуна түштү. Акыркы үч жылдагы экономикалык өсүш орточо эсеп менен дээрлик 7%ды түздү (2021-жылы – 5,5%, 2022-жылы – 9%, 2023-жылы – 6,2%). Чет элдик инвесторлордун катышуусунда ири инфратүзүмдүк жана эл аралык долбоорлор ишке ашырылууда. Анын ичинде ГЭСтерди куруу, жолдорду салуу, аэропортторду модернизациялоо жана башкалар бар», — деди мамлекет башчысы.

Андан тышкары Кыргызстанды «бизнес-оазиске» айлантууну каалай турганын билдирди.

Мамлекет башчынын сүйлөгөн сөзүн толук «Фейсбук» социалдык тармагындагы «Администрация Президента КР» расмий баракчасынан уксаңыз же окусаңыз болот.

Copyright © 2017 Maral FM