Биз менен байланышыңыз

Кыргыз тилин билбесе, жакындары соттолсо, судьялыкка албоо сунушталды

Кыска кабар | 13 Фев 2024 | 168 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Мыйзам долбоордо Конституциялык соттун, Жогорку Соттун, жергиликтүү соттордун судьялыгына талапкерлерден мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен кем эмес билгенин тастыктаган нотариус күбөлөндүргөн сертификаттын көчүрмөсүн, талапкердин өзүнүн жана жакындарынын соттулугу жоктугун же соттолсо, белгиленген тартипте тындырылганын тастыктаган  маалымкат талап кылуу сунушталган.

Ошондой эле мыйзамдык тартипте уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү катары таанылган же оор же өтө оор кылмышы үчүн сот жообуна тартылган тууганы бар талапкерлерди судьялыкка өткөрбөө демилгеленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM