Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында туристтер үчүн маалымат борбор ачылды

Кыска кабар | 13 Фев 2024 | 136 | 0

Туристтерге көмөктөшүү жаатында иш алып барган «Босого» маалымат борборунун кеңсеси Ош шаарында да ачылганын Туризмди өнүктүрүү фонду кабарлады.

Борбордо туристтер барса боло турган аймактар, мейманкалар, тамактануу жайлары, гиддер, логистикалык компаниялар боюнча маалымат берилет. Зарыл болгон учурда документ жагынан көмөк көрсөтүлөт.

Маалымат борбордо кеңеш берүүчүлөр кылдат тандалганын, аларга атайын окуулар өтүлүп турары айтылды.

Айта кетсек, «Босого» борборунун кеңселери буга чейин Бишкектеги Улуттук тарых музейинде, «Манас» эл аралык аэропортунда ачылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM