Биз менен байланышыңыз

Абитуриенттер ЖОЖго өтүү үчүн милдеттүү түрдө кыргыз тилинен тест тапшырат

Кыска кабар | 13 Фев 2024 | 165 | 0

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшырган абитуриенттер милдеттүү түрдө мамлекеттик тил боюнча тест тапшырат. Билим берүү жана илим министринин буга байланышкан буйругу 7-февралда чыкканын министрликтин сайтына жарыяланды.

Буйрукта көрсөтүлгөн талапты аткаруу окуу жайдын менчигинин түрүнө жана таандыктыгына карабастан, жалпы республикалык тестирлөөнү кайсы тилде тапшырганына карабастан, бардык абитуриенттерге милдеттүү болот.

«Негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыктары мыйзам чегинде мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыгы менен бирге чыгарылат. Эгерде абитуриент мамлекеттик тил боюнча тест тапшырбаса, анда жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыгы берилбейт», — деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында кыргыз тилинен кирүү жана бүтүрүү экзамендери киргизилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM