Биз менен байланышыңыз

Баткен облусу «акылдуу электр эсептегичке» толук өткөрүлөт

Кыска кабар | 13 Фев 2024 | 217 | 0

Баткен облусунун бардык аймагы «акылдуу электр эсептегичтерге» толук өткөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынын Баткен облустук филиалы керектөөчүлөрдү онлайн тейлөө максатында атайын өтүнүч келтирген.

Анын негизинде 2024-жылдын башында 14 миң 508 «акылдуу электр эсептегич» сатып алынган. Учурда анын 7 миң 8и Кадамжайдын Үч-Коргон айылына, 7 миң 500ү Баткен шаарына орнотулуп жатканы айтылды.

«Акылдуу электр эсептегич» көрсөткүчтөрдү автоматтык түрдө жана реалдуу убакытта компаниянын серверине жөнөтүп, электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактап, кардарларды аралыктан тейлөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ал иштер техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтып, электр энергия менен камсыздоонун сапатын жогорулатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM