Биз менен байланышыңыз

«Китепстан» түркиялык жазуучунун балдарга арналган китептерин кыргызчалады

Кыска кабар | 13 Фев 2024 | 282 | 0

«Китепстан» басма үйү балдарга арналган китептерди кыргызчалап, чыгарды. Аталган басма үйүнүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаев билдиргендей, түркиялык балдар жазуучусу Мерт Арыктын 3 китеби кыргызчага которулду.

Алар «Менин акырам уча алат», «Космоско барган поезд», «Айваны жедик музейи» аталышындагы китептер.

Бул китептер балдардын кыялдануусуна, өзүнө ишенүүсүнө, өжөрлүк менен тартынбасттыкка басым жасайт. Каармандардын бири-биринен өткөн кызыктуу окуясы фантазияны өнүктүрөт.

«Менин акырам уча алат» китебинде кичинекей Мони кантип каалаган акыранын сүрөтүн тарта алгандыгы баяндалат.

Ал эми «Космоско барган поезд» чыгармасында каармандар аңгеме түзүүнүн ыкмаларын жана жок жерден окуя таап чыгуунун сырларын бөлүшүшөт.

«Айваны жедик музейи» чыныгы турмуштан алынып жазылган укмуш окуя.

Китептерди Насыпбек Асанбаев которгон, Жаңыл Каримова редактору, Жетиген Асанбек корректору, верстка Таттыбүбү Ырысбай.

Китептин кыргызчаланышына Taura компаниясы колдоо көрсөткөн.

Китепти алууну үчүн: 0503666532

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM