Биз менен байланышыңыз

Эсептөө палатасы Польшанын аудит жүргүзүү тажрыйбасы менен таанышты

Кыска кабар | 12 Фев 2024 | 196 | 0

Кыргызстандын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов 5-9-февраль күндөрү Польшада иш сапары менен болуп, мамлекеттик аудит жүргүзүү тажрыйбасы менен таанышты.

Польшанын Жогорку көзөмөлдөө палатасынын президенти Мариан Банас менен эки тараптуу жолугушуусу болуп, кызматташтык тууралуу пикир алмашышты.  Бул иш-чара Кыргызстандын, Польшанын эсептөө палаталарынын жана INTOSAI өнүктүрүү демилгесинин ортосундагы үч тараптуу кызматташуун алкагында өттү.

Польшалык аудиторлор текшерүүнүн түрлөрү жана текшерилүүчү жактар, тобокелдикке негизделген каржылык жана шайкештик аудит жүргүзүү, тышкы кызыкдар тараптар менен кызматташуу тууралуу тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

INTOSAI уюму – БУУ өлкөлөрүндөгү жогорку аудит органдарын бириктирген эл аралык уюм. 1953-жылы негизделген. Анын мүчөлөрүнө 192 улуттук жогорку аудит органдары кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM