Биз менен байланышыңыз

Катардагы дүйнө биринчилигинде кыргызстандык суучул финалга чыга алган жок

Кыска кабар , Спорт | 12 Фев 2024 | 285 | 0

Сууда сүзүү боюнча Доха шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында Кыргызстандык суучул Денис Петрашов 11-февралда 100 метр аралыкты брасс ыкмасында сүзүп өтүү боюнча жарышты. 79 суучул менен жарышта Петрашов 100 метр аралыкты 1 минута 0,47 секундда 6-чы болуп келди. Бул жыйынтык менен спортчу жарым финалга өткөн.

1/2 финалда өзүнүн көрсөткүчүн жакшырта алды. Аралыкты 59,82 секундда сүзүп өтүп, 13-орунду ээлеп, финалга чыга алган жок. Курама команданын башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына даярданып жатышканын айтып, азыркы көрсөткүч жаман эмес деп баалады.

Денис Петрашовдун Парижде өтө турган олимпиада оюндарына лицензиясы бар, ал  100 метр аралыкты брасс ыкмасында сүзүү боюнча жарышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM