Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына кетти

Кыска кабар | 12 Фев 2024 | 104 | 0

Президент Садыр Жапаров 12-февралда иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетти. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан кабарлашты.

Сапардын алкагында Жапаров Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышат. Мындан тышкары Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилиги жана бизнес компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулайт.

Президентти министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев, Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева коштоп барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM