Биз менен байланышыңыз

Түркия Кыргызстанга эң көп инвестиция салган 5 өлкөнүн катарына кирди

Кыска кабар | 9 Фев 2024 | 253 | 0

2023-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстан менен Түркиянын товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 560,5 млн долларды түздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкарда кыргыз-түрк бизнес форумунда айтты.

Түркия 2022-жылы Кыргызстандын экономикасына эң ири инвестор болгон жана бул өлкөдөн кирген инвестициянын жалпы суммасы 341,6 млн долларды түздү.

Ал эми 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Түркия Кыргызстанга эң көп инвестиция салган 5 өлкөнүн катарына киргенин Жапаров кошумчалады.

Ал президент Садыр Жапаровдун тушунда кыргыз-түрк алакалары бардык тармактар боюнча жаңы баскычка чыкканын белгиледи.

Форумга Кыргызстанда иш жүргүзгөн “Кока-Кола Кыргызстан”, “Шератон мейманканасы”, “Демирбанк” жана “Эти Бакыр Терексай” сыяктуу ири түрк фирмаларынын өкүлдөрү да катышты. Анда негизинен энергетика, айыл чарба, кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары, товарларды экспорттоо, потенциалдуу инвесторлорду издөө жана тартуу сыяктуу багыттарда кызматташуу жөнүндө сөз болду.

Жалпы 500гө жакын ишкер катышкан бизнес форумдун соңунда кызматташуу жана инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жөнүндө 8 меморандумга кол коюлду.

Акылбек Жапаров 8-февралда Түркиянын Анкара шаарына расмий сапары менен барган.

Copyright © 2017 Maral FM