Биз менен байланышыңыз

Журналист Азият Жекшеевге соттон чакыруу кагазы келди

Кыска кабар | 9 Фев 2024 | 449 | 0

Журналист Азият Жекшеевге Бишкектин Октябрь райондук сотунан чакыруу келди. Бул тууралуу ал «Маралга» тастыктады.

Чакыруу 7-февралда келген. Ишти кароо 4-мартка белгиленди.

«Сотко чакыруу кагазынын келиши болжол менен беш жыл мурдагы ишке байланыштуу. “ТВ Кайгуул” программасында Александр Паленый аттуу жаран автордук укугумду бузду деп сотко берген. Бирок эфирде анын видеосун авторлугун атап бергенбиз. Биз соттон аны эки жолу утканбыз. Кийинки аракеттеринде кылмыш жок деп табылып, сот арызын карабай келген. Бул жолкусунда карай турган болуптур» , — деди Жекшеев.

Азият Жекшеев 2015-жылдары НТС телеканалында ТВ-Кайгуул жана Журналисттик иликтөө программаларынын алып барган.

2020-жылы парламенттик шайлоого «Реформа» партиясынын тизмеси менен катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM