Биз менен байланышыңыз

Жөлөк пул алуучулардан үйүнүн сүрөтүн талап кылуу мыйзамдуубу?

Коом , Саясат | 8 Фев 2024 | 2446 | 0

Ала-Бука районунун тургуну Гүлалина Нарбаева Социалдык коргоо департаментинин өкүлдөрү жөлөк пул алган айылдаштарынан үйүнүн жана үй-бүлөсүнүн сүрөтүн тартып жиберүүнү талап кылып жатышканын «Фейсбук» баракчасына жазып чыкты.

Ал ошондой эле департамент өкүлдөрү сүрөт жиберилбесе, жөлөк пул албай каларын айтышканын билдирип, алардын Whatsapp группалар аркылуу тараткан кайрылуусун жарыялаган.

«Азыр пенсия, пособие алуу үчүн үйдүн сыртына чыгып, канча адам жашаса, ошончосу ушундай тизилип сүрөткө түшүп жибериши  керек экен. Эгер үйдө бир жандык болсо, же үйү жакшы салынып, ремонт болгон болсо, жөлөк пулдар берилбейт экен». 

Биз Гүлалина Нарбаевага байланышканыбызда, ал буларды кошумчалады:

«Айылдын Whatsapp группасына ошондой келди. Биздин айылдан сүрөт жөнөткөндөр бар. «Сүрөт жөнөткүлө. Эки-үч күндө жөнөтпөсөңөр, силердин пенсия, пособиеңер токтоп калат» деп атайын аудиозапись менен айылдык кеңештин депутаты, райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү айтышкан. Айылдагылар: «Эмнеге жөнөтөбүз?» деп ызы-чуу болуп жатышканынан, жиним келип «Фейсбукка» чыгарып салгам». 

Ушундай эле талаптар менен башка облустарда да жөлөкпул алуучулардын сүрөттөрү чогултулуп жатканын социалдык тармактын колдонуучулары жазды. Ал эми «Маралга» Баткен районунун тургундары Whatsapp мессенжериндеги айылдын топторунда да ушундай талаптар менен билдирүүлөр келгенин айтып кайрылды.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова мындай нерсе жарандардын укугун бузуу болуп саналарын айтты. Ал ошондой эле мындай билдирүү алгандарды акыйкатчыга кайрылууга чакырды.

«Басмырлоочу талаптарды коюу – Башмыйзамды бузганга барабар. Айрым билимсиз кызматкерлердин ушундай талаптарды койгону – ачык басмырлоо. Мындай болгону туура эмес. Ушундай басмырлоого кабылган жарандар сөпсүз түрдө акыйкатчыга кайрылышы керек. Алар 24 саат байланышта. Ошондой эле жергиликтүү прокуратурага кайрылып, жарандык укуктарды коргоп калышы керек. Айыл өкмөт кимдин кандай жашаарын жакшы билет, ошондуктан алар маалымат берип, башка ыкма колдонулушу керек».

Бул жаатта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине байланыштык. Биздин суроолорго социалдык коргоо департаментинин директору Актан Балбаков жооп берип, колунда бар адамдар да жөлөк пул алып жаткандыктан, ушундай ыкма колдонулуп жатканын маалымдады.

«Жөлөк пулду бай адамдар да алып жатышканы тууралуу бизге арыз келип түшкөн. Ошондуктан жөлөк пул алуучулардын үйүн жана үй ээсин тартып жөнөтүүгө тапшырма берилген, «чоң үйлөрдө жашабайт» деген таризде. Ал сүрөт эч жерге жарыяланбайт. Ал биздин министирликтин ички ишмердиги үчүн керек».

Акыркы статистикалык маалыматтарга таянып айтсак, Кыргызстанда 400 миңге чукул адам мамлекеттик жөлөк пул алат. Булардын ичинен 285 миңден ашыгына «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пул берилсе, 106 миңден ашуунуна социалдык жөлөк пул берилет.

Copyright © 2017 Maral FM