Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө француз турист көчкү алдында калып каза тапты

Кыска кабар | 8 Фев 2024 | 186 | 0
Сүрөт туристти издөө учурунда тартылган

Ысык-Көлдө кар көчкү алдында калып каза тапкан Франция жаранынын сөөгү чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ак-Суу районунун аймагына келген 1971-жылы туулган француз улутундагы туристтин жоголгону тууралуу маалымат ӨКМге 5-февралда түшкөн.

Туристти издөөгө Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, Жыргалаң айылынын тургундары чыгышкан.

7-февралда саат 12:45те GPS-трекер аппаратынын жардамы менен аны көчкү басып калганын аныкташкан. Кар көчкү Бел, Кара-Суу, Туз жайлоолоруна түшкөн.

ӨКМдин куткаруучулары туристтин сөөгүн бүгүн, 8-февралда көчкүнүн алдынан казып алып чыгышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM