Биз менен байланышыңыз

Жапаров Илхам Алиевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Кыска кабар | 8 Фев 2024 | 111 | 0

Президент Садыр Жапаров Илхам Алиевди Азербайжанда өткөн кезексиз президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Илхам Алиевге телефон чалып куттуктоо менен бирге, Азербайжан элинин гүлдөп-өнүгүшүн каалаган.

Өлкө башчылары ошондой эле кыргыз-азери кызматташтыгынын мындан аркы багыттарын талкуулашкан.

Айта кетсек, кечээ, 7-февралда Азербайжан мамлекетинде кезексиз президенттик шайлоо өтүп, анда учурдагы мамлекет башчы Илхам Алиев 92,05% менен жеңишке жеткен.

Илхам Алиевди жеңиши менен куттуктоо кечээ, 7-февралда болжолдуу жыйынтык жарыяланган сааттан тарта башталган. Биринчилерден болуп Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев телефон чалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM