Биз менен байланышыңыз

Чүйдө бир жылда 529 ирет жол эрежесин бузган унаа кармалды

Кыска кабар | 8 Фев 2024 | 646 | 0

Чүйдө бир жылда 529 ирет жол эрежесин бузган унаа кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

«Мерседес Бенц-230» үлгүсүндөгү унаа бүгүн, 8-февралда «Бишкек-Ош» жолунун Сосновка бекетинен токтотулган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Коопсуз шаар» долбоорунун негизинде коюлган көзөмөл камераларга 2023-жылы 529 жолу эреже бузуп түшкөнү такталган. Ага салынган айып пулдун жалпы суммасы 694 миң 800 сом болгон.

Унаа айып короого токтотулган. Эми айдоочу токтомду алган күндөн бир айдын ичинде айып пулдарды төлөп кутулушу керек. Эгерде токтомго карата даттануу болсо, бирок ал канааттандырылбаса, анда 15 күндө төлөшүнө туура келет.

Жарым айда кутулса, 50% жеңилдик берилет. Кокус бир айда кутула албаса, үстүнө туум кошулуп жүрүп отурат.

Айып короого токтотулган «Мерседес Бенц-230» үлгүсүндөгү унаа 1990-жылы өндүрүштөн чыккан. Учурдагы базар баасы болжолдо 100-150 миң сомдун тегерегинде турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM