Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай чек арасы эки күнгө жабылат

Кыска кабар | 7 Фев 2024 | 162 | 0

10-февралдан 12-февралга чейин Кыргызстан-Кытай чек арасы жабык болот. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Бул күндөрү Кытайда Жаңы жыл майрамынын урматына атайын фестиваль өткөрүлөт. Андыктан «Торугарт унаа жолу», «Эркечтам унаа жолу» бекеттеринен өтүүгө болбойт.

Чек ара бекеттери 13-февралдан тарта кайра ачылып, кадимки режимде ишин улантат.

Алынган маалыматтарда Кытай жаңы жылы – Чуньцзе бул жылы 10-февралга туш келген. Бул датаны майрамдоо 24-февралга чейин уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM