Биз менен байланышыңыз

Пенсиянын топтомо бөлүгүн турак жай алууга жумшаса да болот

Кыска кабар | 7 Фев 2024 | 236 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 21-декабрында кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, пенсиянын топтомо бөлүгү турак жай алуу үчүн да бериле баштайт. Тактап айтканда, ипотекага үй алып жатканда, баштапкы жана кошумча төгүм катары пенсиянын топтомо бөлүгүн колдонууга болот.

Айта кетсек, пенсиянын топтомо бөлүгү Социалдык фондго төлөнгөн акчага жараша эсептелет. Тактап айтканда, которулган акчанын 2%ы топтомо бөлүк катары эсептелет.

Буга чейин топтомо бөлүк чет өлкөдө жашоо үчүн кетип жатканда, олуттуу оорулардын операциясына жумшоого, ипотеканын баштапкы төлөмүн төлөөгө, карыздан кутулууга берилип келген.

Copyright © 2017 Maral FM