Биз менен байланышыңыз

Президенттин китеби илим изилдөө институттарына таратылат

Кыска кабар | 7 Фев 2024 | 221 | 0

Президент Садыр Жапаров жазган «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты» китебинин 1500 нускасы келип түшкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги сайтына жарыялады.

Китеп Кыргызстандагы 72 илим изилдөө институтуна, Улуттук илимдер академиясынын китепканасына берилери айтылган маалыматта.

Президенттин китеби 2023-жылы басмадан чыккан. Китептин сүрөттөрүн эң биринчи Базар-Коргон райондук китепканасы «Фейсбук» баракчасына жарыялап, «Базар-Коргон райондук китепканасына Президентибиз С.Н .Жапаровдун «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты» аттуу китеби келип түштү», — деп жазган.

Билдирүүнү мамлекет башчынын ошол кездеги маалымат катчысы Эрбол Султанбаев да ырастаган.

Маалым болгондой, китеп 41 миң нускада жарык көрүп, негизинен мамлекеттик мекемелерге жана китепканаларга таратылган.

Copyright © 2017 Maral FM