Биз менен байланышыңыз

«Диверсия эмес, шалаакылык». Депутаттар ЖЭБдеги жарылуу боюнча маселе көтөрдү

Кыска кабар | 7 Фев 2024 | 237 | 0

Жогорку Кеңештин 7-февралдагы жыйынында Бишкек жылуулук электр борборундагы авария боюнча маселе көтөрүлүп, депутаттар өкмөттүн маалымат берүүсүн талап кылышты.

Депутат Эмил Токтошевдин пикиринде, ЖЭБдеги жарылуу диверсия эмес эле шалаакылыктан келип чыкты.

«Бишкек ЖЭБинде бир жылда үч жолу директор алмашкан. Кудай сактап, жарылуу түндөсү болду, күндүз болсо кандай болот эле? Миллиарддаган сомго чыгым алып келди деп жатат, буга жетекчилер түздөн-түз жооп бериши керек», — деди Токтошев.

Депутат Дастан Бекешев суу, энергетика тармагындагы жабдуулар бүт эле эскиргенин, жалпы техникалык аудит өткөрүү зарылдыгын айтты.

Эл өкүлү Улукбек Ормонов Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын себептерин иликтеген комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттарын да кошууну сунуштады.

2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш адам жабыркап, ооруканага түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга дарылануу үчүн жөнөтүлгөн.

Бул кырсыктын себептерин иликтеп, сунуштарды иштеп чыгуу үчүн өкмөттө комиссия түзүлгөн. Анын жетекчилигине министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев бекитилген.

Copyright © 2017 Maral FM