Биз менен байланышыңыз

Азия Кубогу: Иордания Түштүк Кореяны утуп, биринчи жолу финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 7 Фев 2024 | 401 | 0

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунун биринчи жарым финалдык беттешинде Иордания курама командасы  Түштүк Кореянын курамасын 2:0 эсебинде жеңип, өз тарыхында биринчи жолу Азия Кубогунун финалына чыкты.

Оюн 6-февралда Эр-Раян шаарындагы Ахмед бин Али стадионунда өттү.

Беттештин биринчи бөлүгү тең чыгуу менен аяктап, экинчи бөлүгүндө Ирдания командасынын оюнчулары Язан Аль-Наймат (53-мүнөттө) жана Муса Аль-Тамари (66-мүнөттө) гол киргизди.

Иордания өз тарыхында бешинчи ирет Азия Кубогуна катышууда. Алар эки жолу (2004-2011-жылдары) чейрек финалга чыкса, бул ирет мелдештин финалына жетти.

Ирдония чейрек финалда Тажикстандын курама командасын 1:0 эсебинде утуп, финалга чыккан.

Буга чейин Түштүк Корея менен Иордания бири-бири менен алты жолу беттешкен. Анда Түштүк Корея Иорданиянын курамасын эки жолу утса, калган төрт оюнда тең чыккан.

Азия Кубогунун жарым финалына Иордания менен Түштүк Корея жана Иран менен Катардын курама командалары чыккан.

Бүгүн,  7-февралда Иран менен Катардын оюнчулары финалга чыгуу үчүн ойнойт. Финалдык беттеш 10-февралда болот.

Азия кубогу төрт жылда бир болот. Буга чейин 18 жолу өткөн мелдештерде Жапония төрт жолу, Сауд Арабиясы менен Иран үч жолудан, Түштүк Корея эки ирет чемпион болсо, Кувейт, Катар, Австралия, Израил жана Ирак курамалары бир жолудан чемпион болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM