Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Ботаникалык бактан милиция кызматкери асынган абалда табылды

Кыска кабар | 6 Фев 2024 | 319 | 0
Сүрөт милиция кызматкерлери маркумду издеп жатышкан учурда тартылган

Бишкектеги Ботаникалык бактан милиция кызматкери асынган абалда табылды. Маалыматты Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматкери тастыктады.

Маалым болгондой, айтылган милиция кызматкери, 45 жаштагы Ж.Б. кечээтен бери изделип жаткан. Анын 4-февралда үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө маркумдун аялы кабарлаган.

Бүгүн, 6-февралда саат 13:55тер чамасында Ботаникалык бактын Шопен көчөсүнө жакын аймагынан изделип жаткан Ж.Б.нын асынып алган сөөгү табылган.

Сөөктү кароодо зордук-зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Учурда бул боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

Айрым сайттар сөөгү табылган 45 жаштагы маркумдун Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы орун басары Б. Жумашев экенин жазышууда.

Copyright © 2017 Maral FM