Биз менен байланышыңыз

Гемодиализде жаткандардын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымды өкмөт төлөйт

Кыска кабар | 6 Фев 2024 | 253 | 0

Бардык гемодиализде жаткан жарандардын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымды (7-8 миң доллар) өкмөт төлөп берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине берген маегинде билдирди.

Жапаровдун айтуусунда, жалпысынан 2500дөн ашуун гемодиализ алып жаткан жаран бар. Булардын ичинен 50 бейтап донор тапкан. Алар толук медициналык изилдөөдөн өтүп, бөйрөк алмаштырууга даярдык иштери башталды. Биринчи бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктады.

«Эмне үчүн?» деген суроо туулат. Биз муну менен эки пайда алып келебиз. Кантип? Бүгүнкү күндө гемодиализ алып жаткан жарандарыбыздын ар бирине мамлекет бир жылда 14-15 миң доллар сарптоодо. Ошондо жалпы суммасын эсептесек, 2500 кишиге 3 миллиард сомго жакын каражат кетип жатат. Ошондуктан донор тапкан бейтаптарга 7-8 миң долларды мамлекет берип, четинен бөйрөгүн алмаштырып, сакайтып чыгара берсек, аларга кеткен чыгымдар дароо токтойт. Бир жылда гемодиализде жаткан бир бейтапка кеткен чыгымдын жарымын жумшап, бир бейтаптын бөйрөгүн алмаштырып берсек, бир жылда жумшалчу чыгымдын жарымын жана келерки жылдардын чыгымдарын толук сактап калабыз. Гемодиализден чыкса, өкмөттөн кетип жаткан чыгым дароо токтойт да. Ошондо биринчи пайдабыз — жарандарыбызга жардам берип, бөйрөктөрүн алмаштырып берип жатабыз. Экинчи пайдасы мамлекеттин акчасын үнөмдөп калабыз. 10-15 жылдап гемодиализде жаткандар бар. Элестетиңиздер, канча каражат үнөмдөлүп калат. Гемодиализде жаткандар азаят», — деди Садыр Жапаров.

Өлкө башчы бейтап донорду өзү табарын, жакында донор боло алчулардын тизмесин кеңейтүүгө жол берген мыйзамга кол койгонун кошумчалады.

1-февралда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөктү алмаштыруу боюнча акысыз операциянын алгачкысы жасалган.

Copyright © 2017 Maral FM