Биз менен байланышыңыз

Жапаров 264 жыл мурун түптөлгөн компаниянын өкүлү менен кездешти

Кыска кабар | 6 Фев 2024 | 192 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Rothschild and Co компаниясынын башкармалыгынын мүчөсү Ариэль Малар де Ротшильд менен кездешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө  улуттук стратегиялык ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тартуу жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланган.

Тараптар каржылык жана инвестициялык чөйрөдө кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.

Rothschild & Co компаниясын 1760-жылы Майер Аншель Ротшильд аттуу еврей улутундагы банкир Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында түптөгөн. Учурда башкы кеңсеси Лондондо жайгашып, каржылык холдинг компания катары иш жүргүзөт.

Компания негизги ишмердиги инвестициялык банкинг, реструктуризациялоо, корпоративдик банкинг, жеке капитал, активдерди башкаруу жана жеке банкинг чөйрөлөрүн камтыйт. Ошондой эле өкмөттөр менен ири корпорацияларга кеңешчи жана кредитор катары белгилүү. Мындан тышкары компаниянын өзүнүн жеке инвестициялык эсеби бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM