Биз менен байланышыңыз

Базар-Коргондо 20 млн сомдук жерди мыйзамсыз бергендерге иш козголду

Кыска кабар | 6 Фев 2024 | 204 | 0

Базар-Коргон райондук прокуратурасы Жер ресурстары кызматынын райондук бөлүмүнө иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Жер ресурстары кызматынын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн кызматкерлери «Кеңеш айыл өкмөтүнүн 1999-жылы туулган Г.К. аттуу тургуну жер сатып алды» деген жалган келишим түзүп, жасалма буйрук чыгарып, аны райондук архивге мыйзамсыз каттатышкан.

2023-жылдын ноябрь айында Жер ресурстары кызматы архивдеги ушул жасалма документке таянышып, Совет айылынын Суу-Башы тилкесиндеги 1,5 гектар жерди Г.К.нын наамына мыйзамсыз каттап, мамлекеттик акты жазып беришкен.

Айтылган жердин базар баасы 20 млн 363 миң сом деп бааланган. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен иш козголуп, тергөөсү Базар-Коргон райондук милициясына өткөрүлүп берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM