Биз менен байланышыңыз

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын өкмөтүн отставкага кетирди

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Фев 2024 | 412 | 0

Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирген жарлыкка кол койду. Маалымат Президенттин akorda.kz расмий сайтына жарыяланды.

Казакстан Башмыйзамынын 70-беренесине ылайык кабыл алынган чечимдин негизинде Алихан Смаилов премьер-министр кызматынан бошотулуп, ордуна Роман Скляр убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Аны менен катар өкмөттүн жаңы курамы бекитилип келгенге чейин учурдагы министрлер, комитет жетекчилери өз ордуларында убактылуу иштеп турары жазылган.

Өкмөттү чукул отсавкага кетирүү себептери боюнча казак басылмалары маалымат бере элек.

Эске салсак, 2022-жылы Казакстанда өткөн январь окуяларынан (қаңтар оқиғасы) кийин Касым-Жомарт Токаев 5-январда Аскар Мамин баштаган өкмөттү отставкага кетирген жарлыкка кол койгон. Ошондон көп өтпөй 11-январда Алихан Смаилов баштаган өкмөттүн курамы бекитилип, парламентте ант берген.

Премьер-министрдин милдетин убактылуу аткарууга киришкен Роман Скляр буга чейин өкмөт башчынын биринчи орун басары кызматын аркалап келе жаткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM