Биз менен байланышыңыз

Дзюдочу Эрлан Шеров Францияда өткөн турнирде коло медаль тагынды

Кыска кабар , Спорт | 5 Фев 2024 | 338 | 0

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Парижде өткөн Paris Grand Slam (Париж Гранд Шлем) эл аралык мелдешинде коло медаль утту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Спортчу таймашты 1/16 финалдан баштаган. Алгачкы эки беттешинде бейтарап спортчу Егор Варапаев менен монголиялык Алтанбагана Гантулганы жеңген. Бирок чейрек финалда азербайжандык дзюдочу Элхан Гажиевге утулган. Андан соң көңүл жубатуучу беттеште бельгиялык Сами Чоучи менен кез келип, ал кармашта жеңүүчү болуп чыккан.

Ал эми үчүнчү орун үчүн беттеште бразилиялык Рафаел Маседону утуп, коло байгеге татыган. Аны менен бирге ага 500 рейтингдик упай берилген.

Белгилей кетсек, Гранд Шлем мелдештери абройлуу турнирлердин катарына кирет. Бул мелдеште байгелүү орундарга ээ болгон спортчулар Дүйнө чемпионаты жана Олимпиада оюндарына катышуу үчүн рейтингдик упайларды ала алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM