Биз менен байланышыңыз

Жердештерин алдап, акча жасап жүрүүгө шектүү пакистандык кармалды (видео)

Кыска кабар | 5 Фев 2024 | 179 | 0

Жердештердин мажбурлап иштетип, алардан акча алып жүрүүгө шектүү Пакистандын жараны кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Облустук милициянын экстремизм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү бөлүмүнө өзүнүн жердештерин алдап чакырып келип, тигүү цехтерине мыйзамсыз иштетип, ар бири үчүн 600 доллардан 5 миң долларга чейин алып жүргөн пакистандык тууралуу маалымат түшкөн.

Бул билдирүү аныкталып, анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү уюштуруу), 209-беренеси (алдамчылык), 166-беренеси (адам сатуу) менен иш козголгон.

Маалым болгондой, Пакистандын И.М. аттуу жараны жердештерин «Кыргызстандан эмгек визасын ачтырып берем, туруктуу иш таап берем» деп алдап чакырып турган. Натыйжада ага ишенип, туристтик виза менен келгендерди Бишкектеги тигүү цехтеринин бирине мыйзамсыз, мажбурлап иштетип, ар биринен 600 доллардан 5 миң долларга чейин алып келген.

Айтылган фактыларга шектүү катары 1993-жылы туулган И. М. аттуу Пакистандын жараны кармалган. Ага жогоруда аталган беренелерде каралган кылмыштардын 40 түрү боюнча айыбы угузулуп, эки айга камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM