Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Миллион сомдук аткез дары-дармек кармалды (видео)

Кыска кабар | 5 Фев 2024 | 278 | 0

Ош шаарында миллион сомдук аткез дары-дармек табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Ош облустук ички иштер башкармалыгына облус тургуну К.Х. аттуу адамдын Орусиядан аткез жол менен дары-дармек алып келип, аны Өзбекстанга ошондой эле жол менен өткөрүп жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айтылган билдирүү аныкталып, Ош облусундагы эки даректе аткез дары-дармек сакталары такталып, Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү (экономикалык контрабанда) менен иш ачылган.

Ачылган иштин алкагында Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылындагы 1959-жылы туулган М.М. аттуу адамдын үйүнө тинтүү жүрүп, 4 миң даана ампицилин, 3 миң 640 даана эланараприлл, 100 даана семакс, 300 даана рензилбензат мазы табылган.

Экинчи тинтүү Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү 1954-жылы туулган К.Х. аттуу адамдын үйүнө жүргүзүлүп, 21 коробка мукалтин, 12 коробка футканазол, 20 коробка карбомазепин, 4 коробка амбецет, 19 коробка эритромицин, 11 коробка тетрациклин, 5 коробка амблорус, 3 коробка амброксол, 1 коробка арифен, 1 коробка миневазин, 1 коробка релакс, 1 коробка кавинтон, 5 коробка пентогам, 13 коробка канеферон, 10 коробка дексаметазон, 13 коробка жөтөл ширеси, 3 коробка антисептик табылган.

Алынган аткез дары-дармектин жалпы баасы 1 млн сом деп эсептелген.

Дарыларды ташып келүүгө шектүү Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Учурда тийиштүү экспертиза дайындалып, шектүүлөрдүн байланыш каналдары, дары ташып келүү жолдору иликтенип жатканы айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM