Биз менен байланышыңыз

АКШ Сенаты Украина менен Израилге жардам көрсөтүүнү демилгеледи

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Фев 2024 | 311 | 0

АКШ сенаторлору өз өлкөсүнүн чек арасын коргоону, Украина менен Израилге кезектеги жардамды берүүнү демилгелеген мыйзам долбоорун палатага сунушташты. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

Долбоордо Украинага 60 млрд 6 млн доллар, Израилге 14 млрд 28 млн доллар берүү, калганын чек араны бекемдөө иштерине жумшоо камтылган.

Украина көрсөтүлгөн жардамдын 14 млрд долларына Американын өнөр жайларынан жаңы курал-жарак сатып алары, 15 млрд долларын аскердик машыгууларга, чалгындоолорго жумшаары, 20 млрд долларына аскердик кампаларды жаңыртары, 149 млн долларына АКШнын ядролук коопсуздук башкармалыгынын атайын чараларын өз жеринде иштеп чыгууга сарптаары көрсөтүлгөн.

АКШ президенти Жо Байден бул мыйзам долбоору боюнча «Сенат чек араны коргоодо өз милдетин аткарды» деген пикирин айтып, калган маселе Өкүлдөр палатасынан көз каранды экенин билдирди.

Ал эми Өкүлдөр палатасынын төрагасы бул мыйзам долбоорун кескин сынга алып, колдобой турганын жарыялады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM