Connect with us

Пишпек жана «Ош» базарынын айланасындагы үйлөргө жылуулук берилди

Кыска кабар | 4 Фев 2024 | 280 | 0

Бишкек шаарында жылуулук берүүнү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын Ленин районунда көп кабаттуу үйлөрдө жашаган «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын 727 абонентине, ошондой эле 3 мектеп жана 1 бала бакчага жылуулук берүү толук калыбына келтирилди.

Бул объектилер Пишпек районунда жана Ош базарына жакын жайгашкан.

Температуралык режимди жакшыртуу боюнча иштер активдүү жүрүп жатат.

Көп кабаттуу үйлөрдө орточо температура турукташып, жылуулук менен камсыздоо динамикасы жогорулап жатат.

Социалдык мекемелерде да температура режими толук көзөмөлдөнүүдө.

«Бишкек электр тармактар ​​ишканасынын кызматкерлери бардык бузууларды жоюп, күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM