Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу ыкчам штаб билдирди.
Эртең мененки саат 09:00гө карата алынган ыкчам маалыматка караганда, учурда Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 245 МВт.
6 отказан агрегаты жана 3 турбоагрегат иштеп жатат.
Жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20 500 т/саат, температурасы 35 градустан 68 градуска чейин.
Электр энергиясын иштеп чыгаруу 5.505.280 кВт.саат.
Дагы бир казан агрегаты жана бир турбоагрегат отко даярдалып жатат.