Биз менен байланышыңыз

Депутат миграцияны караган өзүнчө министрлик түзүүнү сунуштады

Коом , Экономика | 2 Фев 2024 | 786 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева бүгүнкү күндө мигранттардын көйгөйлөрү чечилбей, үнү угулбай жатканын айтты. Буга байланыштуу ал миграция маселесин караган өзүнчө министрлик түзүү керектигин сунуштады. Ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мигранттар боюнча тиешелүү деңгээлде иш алып барбай жатканын сындады. Эл өкүлүнүн бул сунушун айрым депутаттар колдоого алышты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги буга расмий жооп берип, учурда чет жердеги 198 диаспора менен кызматташып келишерин маалымдады. 

Бүгүн Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жана «Мекенчил» депутаттык тобунун жыйынында депутат Камила Талиева миграция маселесин караган министрлик түзүү керектигин сунуштады.

Ал бүгүнкү күндө мигранттарга мамлекет тарабынан бир да жардам көрсөтүлбөй жатканын айтты.

Эл өкүлү чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандыктардын укугун коргоп, алардын үнүн угуп, көйгөйүн чече турган өзүнчө мекеме түзүү керектигин кошумчалады.

«Мигранттардын жашоосун көрүп келгем. Алар мамлекеттен бир да жардам албай отурабыз дешти. Анан эмнени сүйлөйбүз? Каяктагы жомокту сүйлөп, убактыбызды реферат менен коротуп отурабыз. Форум болду дейсиңер, аныңарды да көрүп жатам. Жөнөкөй эле медициналык камсыздандыруунун суммасын билбей отурасыңар. Мигранттардын жашоосуна кызыгып көрүү керек. Миграцияны бул министрликтен алуу керек. Мен сунуш берем, бүгүн фракициянын чечимине киргизели. Өкмөткө сунуш берели. Баңгизат менен кармалып калганы, экстрадиция маселеси боюнча ыйлап отурган апалар менен жолуктум».

Кыргызстандын элчилигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Орусияда расмий 408 миң кыргызстандык мигрант бар.

Мекеме билдиргендей, мыйзам чегинде иштеп жүргөн кыргызстандыктарга бардык шарттар түзүлгөн. Ошондой эле мыйзамсыз жүргөндөр да көп.

Мындан тышкары элчилик мигранттардын арасында кылмыштуулук көбөйүп, түрмөдө отурган кыргызстандыктардын саны өсүп жатканын билдирет.

Эл өкүлү Ырысбек Атажанов кесиптешинин бул сунушун колдоду. Ошол эле учурда ал Кыргызстанда жумуш орундарын түзүп, мигранттарды артка кайтаруу керектигин белгиледи.

«Камила Абдразаковна абдан туура маселени көтөрдү. Бир эле Орусияны алсак, ал жакта ийгиликтүү иштеген да, ар кандай жумуштарда иштеген да мекендештер бар. Мындан сырткары ар кандай кырсыктарга кабылып, ар кандай иштерге илинип, түрмөгө отуруп калгандар бар. Азыркы учурда 1526 кыргызстандык соттун өкүмү чыгып, Орусиянын абактарында жатышат. Биз мекендештерди чет өлкөгө жумушка жөнөтүү менен алектенбей, аларга Кыргызстанда жумуш орундарын түзүп берүү багытында иштерди алып барышыбыз керек».

2019-жылы Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында Миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспора маселелери боюнча атайын кеңеш түзүлгөн. Кеңеш чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелерин иликтеп, керектүү сунуштарды өз убагында иштеп чыгуу менен тиешелүү мыйзамдарды өзгөртүүгө көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.

Азыркы тапта 20дан ашуун өлкөдө аталган кеңештин 85 өкүлү иштейт. Алар Жогорку Кеңешке эле эмес, элчиликтерге, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, чет жердеги мекендештерге, айрыкча эмгек мигранттарына керектүү жардамдарды көрсөтүп келет.

Дагы бир депутат Кундузбек Сулайманов учурда мамлекетте тигүү жана курулуш тармагына жумушчулар керек болуп жатканын белгилеп, министрлик эмне үчүн мигранттарды бул жумуштарга тартпай жатканын сындады.

«Өлкөдө экономиканын өнүккөнүнө байланыштуу ири иштер жүрүп жатат. Ошого да байланыштырбай жатасыңар. Мекендештерибиз кайсы жерде, кандай жумуштар бар экендигинен кабары жок болуп жатат. Бул боюнча маалымат жетишсиз болгондуктан, мекенине келе албай жатышат. Тигүү жана курулуш тармагында жумушчулардын саны жетишсиз болуп жатканын айтып жатасыздар. Бүгүнкү күндө канча мекендешибиз чет жакта курулуш жана тигүү тармагында иштеп жатат?».

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги депутат Камила Талиеванын бүгүнкү сынына жооп катары расмий билдирүү таратты. Айтылганга караганда, алар учурда чет жердеги кыргызстандыктар түзгөн 198 диаспора жана жергиликтүү бирикме менен кызматташат.

«Алардын ичинен КМШ өлкөлөрүндө 135 бирикме: Орусияда 124, Казакстанда 7, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Украинада бирден бирикме бар. Эмгек министрлиги ошондой эле Европадагы мекендештердин 37 уюму (Италия, Улуу Британия, Германия, Австрия, Чехия, Франция, Бельгия, Словакия жана башка өлкөлөр) менен кызматташат. Түркия, Түштүк Корея, Канада, АКШдагы кыргызстандыктардын диаспоралары менен тыгыз байланыш түзүлдү. Ошондой эле Египет, Япония жана Малайзиядагы уюмдар менен иштер жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

«Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө» Жарлыкка ылайык, 2021-2030-жылдарга өлкөнүн миграция саясатынын концепциясы бекитилген. Мамлекеттик программаларды ишке ашыруу менен миграция агымын жараткан факторлорду жумшартуу аракеттери көрүлүүдө.

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөнүн бюджетине мигранттардан 229 млн сом түшкөн.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын 800 миң жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. Бейрасмий маалыматтарда чет жактагы мигранттар миллиондон ашат. Алардын көбү Орусияда.

Copyright © 2017 Maral FM