Биз менен байланышыңыз

Таласта психокаттоодо тургандарга айдоочулук күбөлүк берилгени такталды

Кыска кабар | 2 Фев 2024 | 153 | 0

Психиатриялык жана наркологиялык каттоодо турган адамдарга айдоочулук күбөлүк алышы үчүн медсправка берилгени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалым болгондой, Манас жана Айтматов райондорунун медициналык мекемелеринде диспансердик каттоодо турган О. А.А., К. Х. И., А. Н. А., А. Б. Н. аттуу адамдар медициналык корутундунун негизинде айдоочулук күбөлүк алышкан.

Аларга медсправканы айтылган райондордогу дарыгерлер борборунун кызматкерлери жасап беришкен.

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен иш козголгон. Кылмышты иликтөөнүн алкагында медициналык борборлорго тинтүү жүргүзүлүп, мыйзамсыз аракеттерди тастыктаган документтер алынган.

Учурда жалпы дарыгерлер практикалык борборунда жана «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүндө бул ишке катышы бар кызматкерлерди аныктоо чаралары көрүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM