Биз менен байланышыңыз

«Соттун чечимине нааразыбыз». Алиянын жакындары президентке кайрылды

Коом | 2 Фев 2024 | 369 | 0

Бүгүн, 2-февралда Бишкектеги стоматологиялык клиникалардын биринде чарчап калган 3 жаштагы наристенин жакындары өкмөт үйүнүн алдына чогулушту. Алар Бишкек шаардык соту 31-январдагы чечими менен наристенин өлүмүнө айыпталып кармалган анестезиологдун үй камагына чыгарылышына нааразы болушуп, чүрпөсүнүн өлүмүнө адилеттүү жаза берилбегендиктен өлкө башчыга жана УКМКнын башчысына кайрылууга аргасыз экенин айтышты.

Тишин тазалатуу учурунда чарчап калган Алия Кубанычбекованын чоң апасы Айгүл Исакованын айтымында, Бишкек шаардык соту 31-январда наристенин өлүмүнө айыпталып кармалган дарыгерди кош бойлуу экендигине байланыштуу жана «коюлуп жаткан айып өтө оор эмес категорияга кирген» деген жүйө менен үй камагына чыгарган. Алиянын чоң энеси соттун бул чечимин адилетсиз деп эсептейт.

«Кош бойлуумун деп жоопкерчиликтен качып жатат. Анын баласы бала, менин неберем бала эмес бекен? Мен адилеттиктен башка эч нерсе сурбайм. Жазасын алышын эле суранып жатам. Бизге окшоп эч ким чыркырап ыйлабасын,  элдин убалына калган медициналык клиникалар жабылышы керек. Эки айдан бери жүрөбүз, жыйынтык жок».

Чарчап калган наристенин таенеси Тынара Шабданова «үч жашар Алиянын өлүмүнө катышы бар дарыгерлер бардар кишилер болгондуктан пара берип коюшу ыктымал» деген пикирин билдирди. Ошондой эле кылмышка шектүү дарыгердин эки жактоочусу бар экенин кошумчалады.

«Бирөөнүн тоогун уурдасаң да, жаза берет. Мончоктой кызыбызды өлтүрүп коюшуп, оор кылмыш эмес деп жатышпайбы. Соттор кылмышкерлерди угуп, биздей карапайым кишилерди укпай калганбы? Биз айласыздан президентке, УКМКнын башчысына кайрылып жатабыз. Ыйлап сурабасак, бизди эч ким укпай жатат. Кызым менен баламдын абалы аябай начар. Кызымды кайтарып калдык. Өзүнө келтирүү кыйын болуп жатат».

Алиянын баба энеси Алмагүл Жамалова дарыгерлердин кылык-жоругуна нааразылыгын билдирди.

«Айганыш Кадыркулова (анестезиолог) болбосо, менин балдарым 106 миң сомго алданбайт болчу, баласын жоготуп чыркырабайт эле. Келиним менен балам шок абалдан эми чыгып келе жаткан. Сот бат эле үй камагына чыгарып салды, араң турган балдарымды шылдыңдагансып. Айнура Туратбекова мыйыгынан күлүп, «Утулдуңарбы,силердин колдон эмне келет экен?» — дегенсиди. Анан да социалдык тармакка «Ураа! Биз жеңдик. Медицина кызматкерлерине акыйкаттык бар, башкаларга жок экен», — деп да жазды. Аны укканда биздин жүрөгүбүз тилинип жатпайбы. Биз болгону акыйкаттыкты талап кылабыз, туура эмес иш алып барган сотторду да камап беришин ажобуздан суранып, ушул жерге чогулдук».

Бишкек шаардык соту 31-январдагы чечими менен наристенин өлүмүнө айыпталып кармалган анестезиологду үй камагына чыгарган. Шаардык соттун маалыматына караганда, соттук коллегия шектүүнүн туруктуу жашаган жери бар экенин, ага коюлуп жаткан айыптын өтө оор эмес категорияга киргенин маалымдаган.

Эске салсак, 2023-жылдын 18-декабрында Бишкекте стоматологиялык клиникада 3 жашар кыз тиш дарылоо учурунда чарчап калган. Буга байланыштуу иликтөө комиссиясы түзүлгөн. Комиссиянын корутундусунун негизинде клиника убактылуу жабылып, дарыгерлер жумуштан алынган.

Copyright © 2017 Maral FM