Connect with us

Президент Бишкектеги ыштын азаюу себебине түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 2 Фев 2024 | 337 | 0

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ыштын азайышына Жылуулук электр борборунда жагылып жаткан көмүрдүн да таасири бар экенин «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, Бишкектеги ышка ЖЭБдин да тиешеси болгон. Себеби буга чейин толук бышпаган, калориясы 3800 ккал Кара-Кече көмүрү жагылып келген.

«Биз былтыр Шабыркүл көмүрүн алалы деп, түздөн-түз Шабыркүл көмүрүн алганбыз. Таза көмүр, калориялуулугу 5500 Ккал/кг. Борбор шаарыбызда быйыл ыштын аз болгондугу да таза көмүр жаккандыктан болду», — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле ал «Шабыркүл көмүрүнүн күчтүү экенин эске албай, Кара-Кеченин көмүрү сыяктуу жага бергенден температура көтөрүлүп кетип, ЖЭБде жарылуу болушу мүмкүн» деген пикирин айтып өттү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM