Connect with us

ЖЭБдеги кырсык: Акылбек Жапаров министрлерге тапшырмаларды берди

Кыска кабар | 2 Фев 2024 | 410 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБинде болгон кырсык боюнча чукул кеңешме өткөрдү.

Отурумдун жүрүшүндө тиешелүү тараптарга тапшырмаларды берди.

Энергетика министрлигине Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте ыкчам штабды жетектеп, саат 17:00гө чейин окуянын келип чыгуу себептери боюнча бардык маалыматтарды жана ЖЭБдин толук кандуу иштешин камсыз кылуу боюнча мындан аркы иш-чаралар планын берүү тапшырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине ЖЭБдин бузулган объекттерин калыбына келтирүү иштерин баштоо тапшырылды.

Саламаттыкты сактоо министрлигине ЖЭБдин жабыркаган жумушчуларына керектүү жардам көрсөтүүнү өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Каржы министрлигине калыбына келтирүү иштерине зарыл болгон каражаттарды тез арада бөлүп берүү тапшырылды.

Айта кетсек, бүгүн, 2-февралда түнкү 3:00 чамасында Бишкек ЖЭБинин 14-отканасында авария болуп, беш жумушчу өрткө кабылып, ооруканага жеткирилген. Алардын үчөө ооруканага жаткырылып, экөө үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Кырсык тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине саат 3:06 түшүп, өрттү өчүрүүгө 6 топ жана штаб жөнөтүлгөн. Өрт саат 4:55те чектөөгө алынып, 5:45те толук өчүрүлгөн.

Буга байланыштуу Алматы шаарында иш сапарда жүргөн Акылбек Жапаров шашылыш Бишкекке кайтып келип, мамлекет башчысы менен биргеликте жылуулук электр борборуна барып, абалы менен таанышкан.

Энергетика министрлиги кырдаал боюнча ыкчам штаб түзүп, учурда кырсыктын себептерин аныктоо, ЖЭБдин өрт чалган бөлүктөрүн калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM