Connect with us

Жаңы туунун сүрөтү түшүрүлгөн паспорттор май айында даяр болот

Кыска кабар | 2 Фев 2024 | 364 | 0

Өзгөртүлүп кабыл алынган туунун сүрөтү түшүрүлгөн улуттук паспорттор май айында даяр болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Ошол эле учурда 2017-жылы иштелип чыккан ID-карта, 2020-жылы иштелип чыккан жалпы жарандык паспорттор мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу болуп эсептелет.

Ал эми акыркы үлгүдөгү паспорттор мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык (мөөнөтү аяктаган учурда, жоготуп алганда же дагы ушул сыяктуу жагдайларда) бериле баштайт. Аны менен катар жаңы паспорт алууну каалагандарга да чек коюлбайт.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов Мамлекеттик тууну өзгөртүүнү демилгелеген мыйзам долбоорун жазып чыгышкан.

Мыйзам долбоорду 2023-жылы 20-декабрда парламент экинчи, үчүнчү окууда кабыл алып беришкен. Мыйзамга мамлекет башчысы Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM