Connect with us

Баткенде аткезчилик жол менен келген 26 тонна жер семирткич табылды

Кыска кабар | 2 Фев 2024 | 274 | 0

Баткенде аткезчилик жол менен келген жер семирткичтер табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн маалыматтын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (экономикалык контрабанда) менен иш ачылып, иликтөө тапшырмасы берилген.

Аткарылган чаралардын аркасында милицияга берилген маалыматта айтылган Баткен шаарындагы 20 фут контейнер табылган.

Текшерүүдө контейнерден аткезчилик жол менен Өзбекстандан алып келинген 518 кап (26 тонна) жер семирткич чыккан.

Контейнердин ээси 43 жаштагы К. А. учурда сурак берип жатканы айтылган маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM