2-февралдан 4-февралга чейинки метеорологиялык кырдаалга байланыштуу тоолордо, ашууларда көчкү жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Борбор айрыкча «Бишкек – Ош» унаа жолунда, Төө-Ашууда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бел ашууларында көчкү жүрүү ыктымалы жогору экенин эскертет.
Көчкүгө байланыштуу жолдордо күрткү пайда болору, учурда жолдорду муз каптап, тайгак болуп жатканы маалымдалды.
ӨКМ айдоочуларды жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырын, күрөк, ысык суу, жол азык, дары-дармек сыяктуу нерселерди ала жүрүүгө, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого, кандайдыр бир кырдаалга күбө болгондо «112» кызматына кабарлап коюуга чакырат.