Connect with us

Ажикеев: Бишкек ЖЭБдин иши беш-жети күндө калыбына келтирилет

Кыска кабар | 2 Фев 2024 | 206 | 0

Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаал беш-жети күндө калыбына келтирилет. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат жыйында билдирди.

«Болгон окуянын негизинде биз түнү менен изилдөө жумуштарын жүргүздүк, техникалык кеңешме өткөрдүк. Азыр үч-беш бригада иш алып барат. Адистердин айтымында, беш күндөн жети күнгө чейинки аралыкта калыбына келип калат», — деди министр.

Аны менен катар батирлерде, мекемелерде жылуулук температурасы сакталып турганын, электр энергиясы баштапкы көлөмүнөн кыйла көбүрөөк бериле баштаарын, бул жаатта ГЭСтерге тапшырмалар жөнөтүлгөнүн маалымдады.

Анын алдында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов жылуулук менен камсыздоо эки-үч күндө калыбына келерин айткан.

Бүгүн, түнкү 3:00 чамасында Бишкек ЖЭБинин 14-отканасында авария болуп, беш жумушчу өрткө кабылып, ооруканага жеткирилген. Алардын үчөө ооруканага жаткырылып, экөө үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Кырсык тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине саат 3:06 түшүп, өрттү өчүрүүгө 6 топ жана штаб жөнөтүлгөн. Өрт саат 4:55те чектөөгө алынып, 5:45те толук өчүрүлгөн.

Учурда кырдаалды жөнгө салуу боюнча ыкчам штаб түзүлүп, кырсыктын себептерин аныктоо боюнча атайын комиссия иштеп жатканын Энергетика министрлиги билдирди.

Кырдаалды мамлекет башчысы өз көзөмөлүнө алганын маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM