Connect with us

Тилек Матраимов «Ошгаздын» жетекчисинин орун басарлыгынан алынды

Кыска кабар | 1 Фев 2024 | 271 | 0

Тилек Матраимов «Ошгаздын» жетекчисинин орун басары кызматынан алынды. Бул маалыматты аталган мекемеден тастыкташты.

Маалыматка караганда, анын иштен кетишине эмгек өргүүгө чыккан боюнча кайтып келбей койгону себеп болгон.

Тилек Матраимов – Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен коррупция боюнча чуулгандуу иштерде аты аталып жүргөн Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси.

Тилек Матраимов бул кызматка 2022-жылдын март айында дайындалган. Андан мурда сегиз жыл Кара-Суу районуна аким болгон. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин акимдик кызматынан кеткен.

2021-жылы 9-октябрда «кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өткөн» деген шек менен кармалган. Ош шаардык соту 220 миң сом айып салып, үй камагына чыгарган.

Кечээ, 31-январда Ош шаарынын бир катар аймактарында газ өчүп калган. Бул боюнча бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов айтып чыгып, маселени чечүүнү талап кылган.

Ошто газ өчтү. «Газпром Кыргызстан» ишканасынын өкүлдөрү парламентке чакырылды

Copyright © 2017 Maral FM