Биз менен байланышыңыз

Ошто газ өчтү. «Газпром Кыргызстан» ишканасынын өкүлдөрү парламентке чакырылды

Кыска кабар | 1 Фев 2024 | 165 | 0

Жогорку Кеңештин 1-февралдагы жыйынында депутат Айбек Осмонов Ош шаарында жаратылыш газы өчүп калганын айтып, маселени дароо чечилишин талап кылды.

Ош шаарында ушул күндөрү газ берилбей жатканын маалымат каражаттары жазган. «Ошгаз» ишканасынын жетекчисинин орун басары Мирбек Маматовдун айтуусунда, аба ырайы кескин суук болгонуна байланыштуу Өзбекстанда газга болгон ички керектөө көбөйдү, казып алуу басымы азайды. Ошол себептен Ошко газ жеткирүүдө көйгөй болууда.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын ишмердүүлүгүн сындады. Ал айыл жерлерин газга өткөрүү иши алдыга жылбай жатканын айтып, компаниянын өкүлдөрүн парламентке чакырып, маалымат алууну талап кылды.

Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев газ маселеси боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бүгүнкү сессияда маалымат берерин айтты. Ошондой эле «Газпром Кыргызстан» ишканасынын өкүлдөрү жыйынга чакырылды.

Copyright © 2017 Maral FM